Вице-мэрдин ордуна Эрмырза Давыдов депутат болуп келди

Вице-мэрдин ордуна Эрмырза Давыдов депутат болуп келди

Борбордук шайлоо комиссиясы жергиликтүү кеңештердин айрым депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуп, бош калган депутаттык мандаттарды өткөрүп берди.

  • Бишкек шаардык кеңешинин депутаты Попиков Олег Владимировичтин (No 4, «Өнүгүү-Прогресс» п/п) ыйгарым укуктары жеке арызынын негизинде токтотулду. Мандат Давыдов Эрмырз Давыдовичке (№ 7 б/б «Өнүгүү-Прогресс») берилди;
  • Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон райондук Базар-Коргон шаардык кеңешинин депутаты Артыков Махмуд Уматалиевичтин (№ 1, «Ата-Журт Кыргызстан» п/п) ыйгарым укуктары өзүнүн жеке жарлыгынын негизинде токтотулду. Мандат Анарбеков Курманбек Кубанычовичке өткөрүлүп берилди (№ 25, «Ата Журт Кыргызстан» );
  • Жалал-Абад облусунун Токтогул районундагы Токтогул шаардык кеңешинин депутаты Өмүржан уулу Мирбектин (№ 1, «Бирге – Вместе» ) ыйгарым укуктары жеке жазган арызынын негизинде токтотулду. Мандат Коконбаев Кенжебек Коконбаевичке өткөрүлүп берилди (№ 7, «Бирге — Вместе»);
  • Жалал-Абад облусунун Сузак районунун Көк-Жаңгак шаардык кеңешинин депутаты Өмүрзаков Мирзараим Кыргызбаевичтин (№ 10, «Ата Журт Кыргызстан» ) ыйгарым укуктары жеке жазган арызынын негизинде токтотулду. Мандат Ташбулатов Бакытбек Токсомбаевичке өткөрүлүп берилди (№ 16, «Ата Журт Кыргызстан» );
  • Жалал-Абад облусунун Сузак райондук Көк-Жаңгак шаардык кеңешинин депутаты Тансыков Мирлан Анваровичтин (№ 11, «Ата-Журт Кыргызстан») ыйгарым укуктары жеке жазган арызынын негизинде токтотулду. Мандат Чыныбеков Шумкар Калмаматовичке өткөрүлүп берилди (№ 17, «Ата Журт Кыргызстан»);
  • Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы Кара-Алма айылдык кеңешинин депутаты Алымкулов Замирбек Төрөбаевичтин ыйгарым укуктары жеке жазган арызынын негизинде токтотулду. Мандат Туташев Элдияр Жээнбековичке өткөрүлүп берилди;
  • Жалал-Абад облусунун Ноокен районундагы Масын айылдык кеңешинин депутаты Дарманкулова Шербет Машираповнанын ыйгарым укуктары жеке арызынын негизинде токтотулду. Мандат Мирзаходжаева Махсудахан Садиковнага өткөрүлүп берилди;
  • Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Грозден айылдык кеңешинин депутаты Кыдыкеев Сыргак Биляловичтин ыйгарым укуктары жеке жазган арызынын негизинде токтотулду. Мандат Абдыраев Тынчтыкбек Кочуновичке берилди;
  • Чүй облусунун Кемин районундагы Кызыл-Октябрь айылдык кеңешинин депутаты Төлөбаева Сыйнат Джапаровнанын ыйгарым укуктары жеке арызынын негизинде токтотулду. Мандат Султанбекова Чолпон Султанбековнага берилди;
  • Нарын облусунун Нарын шаардык кеңешинин депутаты Шадыманов Бек Медетбековичтин (№ 1, «Ордо» ) ыйгарым укуктары жеке жазган арызынын негизинде токтотулду. Мандат Таалайбеков Жолдошбек Таалайбековичке өткөрүлүп берилди (№ 6, «Ордо»);
  • Нарын облусунун Кочкор районундагы Чолпон айылдык кеңешинин депутаты Тентимиш уулу Сабиттин ыйгарым укуктары жеке жазган арызынын негизинде токтотулду. Мандат Урматов Өмүрбек Урматовичке өткөрүлүп берилди;
  • Нарын облусунун Ат-Башы районундагы Ат-Башы айылдык кеңешинин депутаты Асанбаева Клара Асановнанын ыйгарым укуктары жеке жазган арызынын негизинде токтотулду. Мандат Усупова Динара Эрыковнага өткөрүлүп берилди;
  • Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаардык кеңешинин депутаты Курванбаев Сүйүнбек Бурканидиновичтин (№ 5, «Ата-Журт Кыргызстан» ) ыйгарым укуктары жеке жазган арызынын негизинде токтотулду. Мандат Мадаминов Максатбек Кубанычбековичке өткөрүлүп берилди (№ 11, «Ата Журт Кыргызстан» );
  • Баткен облусунун Баткен райондук Айдаркен шаардык кеңешинин депутаты Касымов Нурбек Мухтаровичтин (№ 1, «Ынтымак» п/п) ыйгарым укуктары жеке жазган арызынын негизинде токтотулду. Мандат Таджибаев Равшан Шадыбаевичке өткөрүлүп берилди (№ 8, «Ынтымак»);
  • Баткен облусунун Кадамжай районундагы Майдан айылдык кеңешинин депутаты Баймурзаев Адылбек Махамматовичтин ыйгарым укуктары жеке жазган арызынын негизинде токтотулду. Мандат Жунусалиев Галмамат Абсаматовичке берилди;
  • Баткен облусунун Баткен районундагы Кара-Бак айылдык кеңешинин депутаты Убаев Сүйүнбай Ташбековичтин ыйгарым укуктары жеке жазган арызынын негизинде токтотулду. Мандат Сапаров Тажибай Жусупбековичке берилди;
  • Баткен облусунун Баткен районундагы Кара-Булак айылдык кеңешинин депутаты Кубанычбек кызы Молмолдун ыйгарым укуктары жеке жазган арызынын негизинде токтотулду. Мандат Матисламова Бузара Мажитовнага берилди;
  • Ош облусунун Чоң-Алай районундагы Кашка-Суу айылдык кеңешинин депутаты Сүйүнбаева Мадина Сирожидиновнанын ыйгарым укуктары жеке жазган арызынын негизинде токтотулду. Мандат София Исираиловна Сыдыковага берилди;

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>