Согуштан кийинки дүйнө: баатыр шаарлар жана эс тутум тууралуу талаш-тартыштарБишкекте иттер сол салган баланы ооруканага жеткирген милиция кызматкери андан кабар алдыБишкекте ЖАМКтын подполковниги бассейнге чөгүп бараткан кызды сактап калды — чоо-жайыКыргызстандык спортчу Венгриядагы дзюдо турниринде биринчи орунду жеңип алдыЧуңкурчакта түлкүнү аткан жарандарга айып пул салындыБишкекте жол тандабас жөө өтмөктөн 25 жаштагы жаранды сүзүп кетип, ал каза тапты
Казакстанда беш жашарлык эки кыз терезеден кулап кетти
30.06.2022 | 22:06
Атырауда беш жашар эки кыз терезеден кулап кеткенин Мой город сайты билдирди.
«27-июнь күнү саат 22:10дордо Нурсая кичи районунда жайгашкан үйдүн 3-кабатынын терезесинен беш жаштагы эки эгиз кыз кулап кеткен», – деп билдирди Атырау облусунун Өзгөчө кырдаалдар башкармалыгынын басма сөз кызматы.
Эгиздер терезенин жыгачына жөлөнүп турушкан. Алардын салмагына туруштук бере албагандыктан кулап кеткен. Кыздардын апасы кошуна бөлмөдө экен.
Азыр эгиздер облустук балдар ооруканасынын реанимация бөлүмүндө.
Рубрики: Дүйнө, Жаңылыктар