Кыргызстанда жер титиреди. Жалал-Абадда дубалдардан жарака кеттиБишкекте автобустун айдоочусуна кол салган 60 жаштагы аял кармалдыWashington Post: Кытай АКШ менен болгон соода согушунда үстөмдүк кылуудаКамчатканын түштүк бөлүгү жер титирөөдөн кийин эки метрге жылып кеткенАдылбек Касымалиев деңизге чыга албаган өлкөлөр боюнча БУУнун конференциясында сөз сүйлөдүБишкекте мэриянын кызматкери 2 300 доллар пара алып жаткан жеринен кармалды
Чыңгыз Айдарбеков байланышка чыкпаганынын себебин айтты
30.11.2022 | 00:18
Жогорку Кеңештин депутаты Чыңгыз Айдарбеков Фейсбуктагы баракчасы аркылуу бир канча күндөн бери байланышта болбой жатканынын себептерин ачыктады.
“Урматтуу мекендештер! Бир нече күн байланышта болбогонумдун себебин сиздерге жеткирип коюуну чечтим. Буга чейин менин кесиптештерим маалымдагандай, ден соолугума байланыштуу пландаштырылган текшерүүнү өтүү үчүн чет жака чыгууга муктаж элем. Ал ортодо, Казакстанда куран окутуу зыйнаты да бар эле, андан соң медициналык текшерүү үчүн сапар уладым. Сиздер менен байланышка чыгуу мүмкүнүчүлүгү пайда болоор замат ушул кайрылууну жазуудамын. Бардык кабатыр болгон жана ар дайым колдоо көрсөткөн санаалаштарыма терең ыраазычылык билдирем! Жакынкы убакытта Кыргызстанга кайтып келем. Урматтоо менен, Чынгыз Айдарбеков“- деп айтылат билдирүүдө.
Эскерте кетсек, 26-ноябрда УКМК депутат Эмил Жамгырчиевди кармап кетип, кайра кое берген. Ал депутат кесиптеши Чыңгыз Айдарбеков менен Казакстанга чыгуу үчүн «Ак-Жол» өткөрмө бекетине барганда, Жамгырчиевдин өлкөдөн чыгуусуна тыюу салынганы белгилүү болгон.
27-ноябрда депутат Элвира Сурабалдиева кесиптеши Чыңгыз Айдарбеков байланышка чыкпай жатканын билдирген.
Буга чейин Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Элвира Сурабалдиева кыргыз-өзбек чек арасы (Кемпир-Абад) боюнча келишимге каршы добуш 19 депутатка коркутуулар болуп жатканын айткан. Аталган келишимге каршы добуш бергендердин арасында Айдарбеков менен Жамгырчиев бар. Ал эми УКМК чек арадан депутатты кармабаганын билдирген эле.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
УКМК депутат Эмил Жамгырчиевди кармап кетип, кайра кое берди
Рубрики: Жаңылыктар, Саясат