Сыймык Жапыкеев кармалганын жана «Кыргызтестке» жетишпей калганын билдирдиДастан Бекешев: ЖИ Конституциянын орусча котормосунан 44 ката таптыӨлкөдө күн ачык болот: 19-октябрга карата аба ырайыКыргызстанда курулуш тармагына насыя берүү 3,5 эсеге өстүКеректөө насыялары банктардын сегиз айдагы насыяларынын 45%ын түздүБишкекте мамкызматкерлерди медициналык текшерүүдөн өткөрүү боюнча пилоттук долбоор башталды
УКМК депутат Эмил Жамгырчиевди кармап кетип, кайра кое берди
27.11.2022 | 01:47
УКМК Жогорку Кеңештин депутаты Эмил Жамгырчиевди кармап кетип, кайра кое берди. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты Элвира Сурабалдиева социалдык тармактагы баракчасында билдирди.
Сурабалдиева билдиргендей, ал кыргыз-казак чек арасындагы “Ак-Жол” өткөрмө бекетине барганда кармалган. Эмил Жамгырчиев менен депутат Чыңгыз Айдарбеков тажыяга бара жаткан. Бекеттен өтүп жатканда Жамгырчиевдин өлкөдөн чыгуусуна тыюу салынганы белгилүү болгон.
“Аны УКМК кармап кетип, биз чогулгандан кийин кое беришти”, – деп жазды ал.
Азырынча депутаттын эмне себептен кармалганы белгилүү боло элек.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом