Чыңгыз Айдарбековду таба албай жатабыз, – депутат

Чыңгыз Айдарбековду таба албай жатабыз, – депутат

Жогорку Кеңештин депутаты Чыңгыз Айдарбековду таба албай жатабыз. Бул тууралуу депутат Элвира Сурабалдиева социалдык тармактагы баракчасында билдирди.

«Чыңгыз Айдарбеков эч жакта жок, таба албай жатабыз. Кечээтен бери байланышка чыкпай жатат. УКМК үн катпай эле», — деп жазды ал.

Учурда Айдарбековдун Казакстанга чыгып кеткени же кармалганы белгисиз. Айдарбеков жана УКМКнын басма сөз кызматы менен байланышка чыгууга мүмкүн болбой жатат.

Эскерте кетсек, 26-ноябрда УКМК депутат Эмил Жамгырчиевди кармап кетип, кайра кое берген. Ал депутат кесиптеши Чыңгыз Айдарбеков менен Казакстанга чыгуу үчүн «Ак-Жол» өткөрмө бекетине барганда, Жамгырчиевдин өлкөдөн чыгуусуна тыюу салынганы белгилүү болгон.

Буга чейин Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Элвира Сурабалдиева кыргыз-өзбек чек арасы (Кемпир-Абад) боюнча келишимге каршы добуш 19 депутатка коркутуулар болуп жатканын айткан. Аталган келишимге каршы добуш бергендердин арасында Айдарбеков менен Жамгырчиев бар.

УКМК депутат Эмил Жамгырчиевди кармап кетип, кайра кое берди

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>