БШК Нурланбек Азыгалиевди депутаттык мандатынан ажыраттыЧүй проспектиси менен Абдрахманов көчөсүнүн кесилишиндеги жер үстүндөгү конструкция жакынкы арада бузулатСадыр Жапаров кыргызстандыктарды Аталар күнү менен куттуктадыЖК депутаты Нурланбек Азыгалиев мандатын тапшырууга арыз жаздыКыргызстанда англис тили мугалимдерин даярдоо реформасы британиялык эксперттердин колдоосуна ээ болдуЖакынкы Чыгыштан 142 жаран Кыргызстанга эвакуацияланды
Адам куткаруу маалында Орусиянын министри каза тапты
08.09.2021 | 16:25
Бүгүн Зиничев машыгуу учурунда каза тапканын жергиликтүү басылмалар жазып чыкты. Красноярск аймагында татаал аймактардан, суудан кургакта адамдарды куткаруу боюнча машыгууларды өтүп жаткан.
Айрым маалыматтарда Орусиянын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин машыгуусу боюнча фильм тартып жаткан маалында Зиничев каза тапкандыгы айтылат. Чыгармачыл топтон да бирөө бул дүйнө менен кош айтышкан.
Зиничев 2018-жылдан бери Өзгөчө кырдаалдар министрлигин жетектеп келе жаткан. Ал 55 жашта.
Рубрики: Дүйнө, Жаңылыктар