ӨКМ эскертет: 23–25-октябрь күндөрү айрым аймактарда үшүк жүрөтБишкекте өспүрүм эки жол кырсыгына себепкер болду, жабыркагандар бар — видеоКаракол шаарынын кире беришиндеги жол оңдолот«Манас» социалдык айылында майып жарандар үчүн жаңы турак жай ачылдыБишкекте 22–23-октябрда айрым райондордо газ берүү убактылуу токтотулатБатумиде Борбор Азия жана Грузиянын кызматташтыгын өнүктүрүү маселелери каралат
Жапаров Шуликонун Гиннеске кирүүсүнө 500 миң сом берди
08.09.2021 | 16:13
Бүгүн, Ысык-Көлдү туурасынан сүзүп өткөн Владислав Шулико менен президент Садыр Жапаров кездешти. Мамлекет башчысы Ысык-Көлдү узунунан 181 чакырым сүзүп өтүп, дүйнөлүк рекорд койгон Владислав Шуликонун эрдигин дагы бир жолу белгиледи.
«Кандай гана кыйынчылык болбосун өзүңө ишенүү жана максатыңа жетүү керектигин өз мисалыңда көрсөттүң. Буга чейин мындай эч ким кылган эмес. Бүт өлкө сенин сүзгөнүңдү байкап жана абдан кабатырланып атты», – деди Садыр Жапаров.
Садыр Жапаров мамлекет өз тарабынан активдүү жаштарды колдоого алып жана спорттук жетишкендиктерге дем берүүгө милдеттүү экенин айтып, Президент өзүнүн фондунан Владислав Шуликого 500 миң сом бөлдү.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом