Телевидение кыргызстандыктардын эс алуусунун негизги түрү бойдон калуудаАйыл чарба продукциясын чыгаруунун көлөмү 396 млрд сомдон аштыOld Bishkek комплексин нөшөрлөгөн жаандан улам суу каптады. Нариман Түлеев эмне деди?Садыр Жапаров жаңы жылдык куттуктоосунда 2025-жылдын жыйынтыгын чыгардыҮй иштериндеги аялдардын жүгү эркектердикинен беш эсе оорБишкекте турак үйдөн өрт чыгып, бир адам каза тапты
“Манас” аэропортунда унаа жарылды
20.09.2021 | 11:46
«Манас» аэропорту жакта унаа жарылгандыгы тууралуу маалымат чындыкка дал келбейт. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынан кабарлады.
Маалыматка ылайык, 20-сентябрда болжол менен 02:30дар чамасында милицияга «Манас» аэропорту жакта унаа токтотуучу жайда унаа жарылганы тууралуу маалымат түшкөн.
Кийин кыска туташуудан улам «Фольксваген пассат» үлгүсүндөгү унаа өрттөнүп кеткенин аныкталган.
Аталган факт боюнча милиция кызматкерлери унаанын ээси 1981-жылы туулган Т.А.ны сурашканда, ал унаа кыска туташуудан улам өрттөнүп кеткендиктен эч кандай дооматы жок экенин айткан.
Буга чейин социалдык тармактарда «Манас» аэропорту жакта унаа жарылгандыгы тууралуу маалымат тараган.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом