Чүй облустук милициясы Бишкек шаарынан качкан коопту кылмышкерди Жайыл районунан колго түшүрдү. Бул туурасында аталган мекеменин басма сөз кызматы билдирет.
Маалыматка караганда, бүгүн 24-сентябрь күнү 08:00 чамасында Жайыл районунун Федоровка айылынан милициянын тузагына илинген. Ал 1985-жылы туулган А.Х. Аны текшерүү маалында, кочкул жашыл түстөгү кара куурай жытына окшош 30 граммдык зат табылган.
Ушул тапта кылмышка шектүү Бишкек шаардык милициясына өткөрүлүп берилди.