Чүй милициясы кооптуу кылмышкерди колго түшүрдү

Чүй милициясы кооптуу кылмышкерди колго түшүрдү

Чүй облустук милициясы Бишкек шаарынан качкан коопту кылмышкерди Жайыл районунан колго түшүрдү. Бул туурасында аталган мекеменин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка караганда, бүгүн 24-сентябрь күнү 08:00 чамасында Жайыл районунун Федоровка айылынан милициянын тузагына илинген. Ал 1985-жылы туулган А.Х. Аны текшерүү маалында,  кочкул жашыл түстөгү кара куурай жытына окшош 30 граммдык зат табылган.

Ушул тапта  кылмышка шектүү Бишкек шаардык милициясына өткөрүлүп берилди.

 

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>