Бишкекте баңгизат таратып жүргөн эки жигит кармалды

Бишкекте баңгизат таратып жүргөн эки жигит кармалды

Бишкекте ири өлчөмдө баңгизат таратууга шектүү жарандар кармалды. Бул тууралуу Октябрь райондук ички иштер башкармалыгынан билдирди.

Маалыматка ылайык, 16 -сентябрда милицияга белгисиз адамдар баңгизатын сактап жүргөндүгү жана ошондой эле «Melvin Power» телеграм каналы аркылуу таратып жатканы тууралуу маалымат келип түшкөн.

Бул факты каттоого алынып, Кылмыш-жаза кодексинин 267-беренеси (Баңги каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдору мыйзамсыз даярдоо) боюнча сотко чейинки өндүрүш иши башталган.


 

«Милиция кызматкерлери аталган кылмышка шектүү катары 19 жаштагы Ж.А. жана 18 жаштагы К.З. аттуу жигиттерди кармашып, тергөө кызматына жеткирген. Сотко чейинки өндүрүш ишинин алкагында шектүү адамдардын катышуусу менен атайын тергөө иш-чараларынын жүрүшүндө, милиция кызматкерлери мефедрон дарыларын койгон жерлерди аныкташып, тиешелүү экспертизалар дайындалды»,- деп айтылат маалыматта.

Ошондой эле, бул кылмышка тиешеси бар башка адамдардын аныктоого багытталган кошумча тергөө аракеттери жана издөө иш -чаралары улантылууда.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>