Ауэзов көчөсүндөгү соода күркөлөрү алынып, ордуна сквер курулатКыргызстандыктар кайсы тармактарда эң көп киреше табышат?Ысык-Көлгө куйган дарыяларга 582 миң форель чабактары коё берилдиПара талап кылууга шектелип мурдагы судья кармалдыОш шаарындагы Увам жана Жекелик каналдарынын кооптуу жээктери тосулатСадыр Жапаров Жакынкы Чыгыштагы кырдаал боюнча билдирүү жасады
ИИМ: “Орус фашисттери кыргыздарды сабап жатат” деген видео боюнча текшерүү иштери жүрүүдө
31.07.2023 | 19:17
“Орус фашисттери кыргыздарды сабап жатат” деген аталышта социалдык тармактарга тараган видео боюнча териштирүү иштери жүрүүдө. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.
Маалыматка караганда, учурда милиция кызматкерлери видеону изилдеп, текшерүү иштерин жүргүзүп жатат.
“Мындан тышкары, видеого түшүп калган адамдардын жашаган жерин аныктоо боюнча бардык иштер жүргүзүлүүдө”, – деп айтылат маалыматта.
ИИМ жарандардан жалган маалымат таратпоону, аны менен коомчулукту адаштырбоону суранат. Буга тиешеси бар адамдарга карата мыйзам чегинде чаралар көрүлөт.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом