Алгач ирет кыргыз тилинде аутизм тууралуу китептер жарык көрдү

Алгач ирет кыргыз тилинде аутизм тууралуу китептер жарык көрдү

Акыйкатчы Жамиля Жаманбаева аутизм тууралуу алгач ирет кыргыз тилинде жарык көргөн китептин авторлору менен жолугушту. Бул тууралуу Акыйкатчы институтунун басма сөз кызматы билдирди.

«Өзгөчө бөбөгүм» деп аталган китептин автору Зейнеп Ибрагим кызы жана «Аутизм менен жашоо» деп аталган китептин автору Бактыгүл Чыныбаева — Урмат ысымдуу өзгөчө баланын эжеси жана апасы. Бактыгүл Чыныбаева журналист кесибин аркаласа, Зейнеп Ибраим кызы — «Сэнт Жонс» университетинин студенти.

Жолугушууда акыйкатчы менен китептин авторлору аутизми бар балдардын укуктарын камсыздоо маселелерин талкуулаган. Бактыгүл Чыныбаева акыйкатчыга китепти жазууга эмне түрткү болгонун айтып берген.

«Кыргызстанда аутизми бар балдардын ата-энелери күн сайын баланын ар бир жылмаюсу, ар бир кыймылы үчүн күрөшүп келет. Ошол эле маалда алар аталган көйгөй менен жалгыз бетме-бет калышат. Мамлекет буга катышпайт. Өлкөдө аутизми бар балдар үчүн мамлекеттик борборлор жок. Мындай балдардын ата-энеси жалгыз бир менчик борборго кайрылышат. Албетте ага көбүнүн чөнтөгүндөгү каражаты туура келбейт.

Биз алгачкы жолу балабыздын диагнозу тууралуу билген кезде, чет өлкөдө болчубуз. Бизге адистер келишип, мени менен иш алып барышты. Өнүккөн өлкөлөрдө диагнозду аныктоодо так алгоритмдер мурдатан эле бар. Биринчи кезекте аутизми бар балдардын ата-энелерине көмөк жана колдоо көрсөтүшөт. Мындай диагноздогу бала кантип өсүп-чоңоеру дал ушул ата-эненин маалымат алуусунан башталат. Биз мекенибизге кайтып келген кезде өлкөдө бул багытта жагдай оор экенин жана эч ким көмөк бербесин түшүндүм. Ата-энелер өз күчү менен кээ бир мүмкүнчүлүктөргө жетүүгө аракет кылышат. Бирок мамлекет тараптан колдоо керек. Ал эми бизде ал жок», — дейт журналист.

Акыйкатчы китептин авторлоруна балдар укуктарын коргоого кошкон салымдары үчүн ыраазычылык каттарды тапшырган.

«Биз үчүн аутизми бар балдардын укуктарын камсыздоо абдан маанилүү. Биз балдардын укуктарын коргоого кошкон салымыңыздар үчүн сиздерге ыраазычылык билдиребиз. Сиздердин методика менен көптөгөн ата-энелер өздөрүнүн балдарына жардам бере алышат. Бизге аутизми бар балдардын укуктарын коргоо боюнча жагдай белгилүү. Акыйкатчы институту бул багытта зарыл болгон иштерди жүргүзүүгө даяр. Биз аутизми бар адамдардын жашоо сапатын жогорулатуу жана оптималдуу өнүгүүсүн камсыздаш үчүн системалык өзгөрүүлөрдү сунуштоого ниеттенип жатабыз. Ошондой эле аутизми бар балдардын ата-энелеринин зарыл болгон маалыматка жетүү укуктарын камсыздоо маанилүү, алар өз балдарынын индивидуалдуу өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен жогорку кесипкөй адистердин колдоосун алууга тийиш», — деди акыйкатчы.

Ошондой эле, жолугушууда аутизми бар балдарга коом тараптан дискриминацияга жол бербөө боюнча иш алып баруу маанилүү экени белгиленген.

Эскерте кетсек, 26-июлда Бишкекте кыргыз тилинде алгач ирет аутизм боюнча жазылган китептин бет ачары өткөрүлгөн.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>