Төө-Ашуудагы тоннелдеги чектөөлөр качан алынары айтылды

Төө-Ашуудагы тоннелдеги чектөөлөр качан алынары айтылды

Бишкек — Ош жолундагы Төө-Ашуудагы тоннелге асфальт төшөө иштери мөөнөтүнөн мурда аяктады. Бул тууралуу 31-июлда транспорт жана коммуникациялар министри Тилек Текебаев «Фейсбуктагы» баракчасына жазды.

Анын айтымында, жол чийиндери сызылган соң тоннелдеги чектөөлөр мурда айтылгандай 6-августта эмес, 2-августта алынат.

«Эми жол сызыктары чийилген соң чектөөлөр алынат. Болжол менен 2-август күнү кечки саат 16:00дон кийин чектөө алынат. Азырынча мурдагы графикти кармап турабыз. Буга чейин айтылган 6-августка жеткирбей жол толугу менен ачылат. Эртең (1-августта — ред.) дренаж казылган жердин ордуна, ошондой эле, кошумча айрым жерлерге асфальт басылат», — деди ал.

Ал билдиргендей, жакынкы күндөрү тоннелдин кире бериш жерлерин көрктөндүрүү иштери жүргүзүлөт.

«Тоннель кызматына айлана-чөйрөнү, тоннелдин кире бериш жерлерин көрктөндүрүү боюнча тапшырма берилген. Жакынкы күндөрү иштер башталат. Ал учурда унаалар үчүн эч кандай чектөөлөр болбойт», — деди ал.

Эскерте кетсек, буга чейин Төө-Ашуудагы тоннелдин жолун асфальттоо иштерине байланыштуу тоннель 26-июлдан 6-августка чейин күнүнө 10 саатка жабыла турганы кабарланган.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

 

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>