Кыргызстанда аэропорттон президенттин администрациясына чейин өзүнчө атайын жол куруу пландалуудаСадыр Жапаров кыргызстандыктарды Нооруз майрамы менен куттуктадыКыргызстанда айыл чарбасын каттоо башталды: маалыматтарды чогултуу 10-апрелге чейин уланат21-мартка карата аба ырайыИшеним аркылуу коопсуздук: Кыргызстан ШКУну жаңы механизмдер менен толуктоодоБА өлкөлөрүндө энергоинфраструктуранын эскириши 80%га жетти: ЕӨБ энергетикалык коопсуздук үчүн тобокелдиктер жөнүндө эскертти
ИИМ: Поезд тебелеп, эки бутунан ажыраган бала эч кимди сактаган эмес
04.01.2021 | 17:11
Ички иштер министрлиги поезд алдында калып, эки бутунан ажыраган баланын окуясы боюнча “Репортёрго” кеңири маалымат берди.
Ага ылайык, кырсык, 31-декабрда саат 23:45тер чамасында болгон.
“Машинист кайра-кайра сигнал берип кырсыкты болтурбоого каракет кылган. Азыр 25 жаштагы Ж.Т. аттуу жабырлануучу Бишкек шаарындагы травматологияда дарыланууда. Ал бала кимдир бирөөнү сактап калууга аракет кылды деген маалымат чындыкка дал келбейт”, – деп билдиришти ИИМден.
Белгилей кетсек, буга чейин Тилек аттуу бала темир жолдо адам өмүрүн сактайм деп эки бутунан ажыраганы айтылган болчу.
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар