Нарын дарыясына бир күндө эки бала түшүп кетти. Алар эки күндөн бери изделип жатат«Кыргызсериал» тик форматтагы сериалдар сынагын жарыяладыКыргызстанда айыл чарба техникаларынын жазгы талаа иштерине даярдыгы 89%га жеттиМосквада белгилүү сүрөтчү Семён Чуйковдун көргөзмөсү ачылатТМУ өлкөлөрү соттук-эксперттик мекемелердин бирдиктүү Түрк тармагын түзүүнү макулдаштыКыргызстанда банктык насыяларды берүү ыргагы кескин басаңдады
ИИМ: Тогуз ай ичинде 529 адам жол кырсыгынан каза болду
29.10.2019 | 09:45
Ушул жылдын 9 айына карата өлкө аймагы боюнча 4694 жол кырсыгы катталды. Бул тууралуу Ички иштер министрлиги тараткан маалыматта айтылат.
Маалым болгондой, бул көрсөткүч өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 12,3 пайызга жогорулаган.
Тогуз ай ичинде жол кырсыгынан 529 адам каза болуп, 7265 адам ар кандай жаракаттарды алышкан.
Министрликтин маалыматына караганда, жол кырсыгынын көп катталышына автоунаалардын көбөйүшү себеп болууда. Мамлекеттик каттоо кызматынын маалыматы боюнча бүгүнкү күндө 1 миллион 348 миң автоунаа бар.
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар