Кыргызстандык Кубаныч Арынов АКШда өткөн жаштар арасындагы дүйнө чемпионатында коло медаль жеңдиБишкектен шаар сыртына каттаган таксилер эми Чыгыш автобекетинен жөнөйтЖилмассивдерди массалык газдаштыруу 2028-жылдан эрте башталбайт — МаматалиевБишкектеги Кожомкул атындагы Спорт ордосун реконструкциялоого даярдык көрүлүүдөДекабрдан тарта укук коргоо органдарынын жана аскер кызматчыларынын айлыгы көбөйтүлөтКыргызстанда советтик курулуш ченемдерин заманбап стандарттарга алмаштыруу пландалууда
ИИМ: Тогуз ай ичинде 529 адам жол кырсыгынан каза болду
29.10.2019 | 09:45
Ушул жылдын 9 айына карата өлкө аймагы боюнча 4694 жол кырсыгы катталды. Бул тууралуу Ички иштер министрлиги тараткан маалыматта айтылат.
Маалым болгондой, бул көрсөткүч өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 12,3 пайызга жогорулаган.
Тогуз ай ичинде жол кырсыгынан 529 адам каза болуп, 7265 адам ар кандай жаракаттарды алышкан.
Министрликтин маалыматына караганда, жол кырсыгынын көп катталышына автоунаалардын көбөйүшү себеп болууда. Мамлекеттик каттоо кызматынын маалыматы боюнча бүгүнкү күндө 1 миллион 348 миң автоунаа бар.
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар