Оштогу малды жасалма уруктандыруу пунктары жабдуулар менен камсыздалдыЯндекс Кыргызстан Программалоо мектебине тикелей жол ача турган курсту баштоодоБишкек мэри: Ар бир сейил бак үчүн башыңар менен жооп бересиңерОш облусунда бир катар жетекчилердин иши жетишсиз деп табылып, сөгүш берилдиБишкекте “Бишкек туристтин көзү менен” аттуу туристтик флешмоб өттүӨкмөт аймактардагы маданият үйлөрүн жана китепканаларды реформалайт
ИИМдин Академиясынын 50 жылдыгы белгиленди
04.10.2019 | 16:29
Миилциянын генерал-майору Эргеш Алиев атындагы ИИМдин Академиясына 50 жыл толду. Буга арналган салтанаттуу иш-чара аталган окуу жайда белгиленип, Ички иштер министринин орун басары Сүйүн Өмүрзаковдун катышуусунда өттү.
Иш-чарага чакырылган коноктор окуу жайдын тарыхы, жетишкендиктери жана окутуучулук курам менен таанышышкан. Андан соң атайын уюштурулган конференция өткөн.
Тарых барактарындагы маалыматтарга ылайык, 1969-жылы милициянын Фрунзедеги атайын орто мектеби түзүлүп, октябрь айынан баштап окууга кабыл ала баштаган.
1991-жылдын 19-июлунда ИИМдин Бишкектеги жогорку окуу жайы деп өзгөргөн.
Ал эми Эргеш Алиев атындагы ИИМдин Академиясы деген аталыш 2000-жылдын 15-январында ыйгарылган.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом