УКМК тыюу салынган «Иеговист-Ильинчилер» диний сектасынын мүчөлөрүн кармадыБишкекте «Борбор Азиянын чийим таштарына саякат» мультимедиялык көргөзмөсү ачылатЖогорку Соттун Пленуму беш маселе боюнча токтомдордун долбоорлорун кабыл алдыКыргызстанда ГМОну алып кирүүгө жана жүгүртүүгө көзөмөлдү күчөтүү сунушталуудаМаданият министринин биринчи орун басары болуп Чыңгыз Эсенгул уулу дайындалдыКыргызстандын финансы сектору тогуз айда 37 миллиард сом пайда тапты
ИИМдин Академиясынын 50 жылдыгы белгиленди
04.10.2019 | 16:29
Миилциянын генерал-майору Эргеш Алиев атындагы ИИМдин Академиясына 50 жыл толду. Буга арналган салтанаттуу иш-чара аталган окуу жайда белгиленип, Ички иштер министринин орун басары Сүйүн Өмүрзаковдун катышуусунда өттү.
Иш-чарага чакырылган коноктор окуу жайдын тарыхы, жетишкендиктери жана окутуучулук курам менен таанышышкан. Андан соң атайын уюштурулган конференция өткөн.
Тарых барактарындагы маалыматтарга ылайык, 1969-жылы милициянын Фрунзедеги атайын орто мектеби түзүлүп, октябрь айынан баштап окууга кабыл ала баштаган.
1991-жылдын 19-июлунда ИИМдин Бишкектеги жогорку окуу жайы деп өзгөргөн.
Ал эми Эргеш Алиев атындагы ИИМдин Академиясы деген аталыш 2000-жылдын 15-январында ыйгарылган.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом