Инфляция өсүүдө: Казакстандын улуттук банкы базалык ченди 18%га чейин көтөрдү

14.10.2025 | 14:32

Казакстандын Улуттук банкынын Акча-кредиттик саясат комитети базалык ченди жылдык 18% деңгээлинде белгилөө чечимин кабыл алды. Бул тууралуу аталган мекеменин расмий сайтында кабарланды.

Маалыматка ылайык, мындай чечим өлкөдө инфляциянын тез жогорулап жаткандыгына байланыштуу кабыл алынган.

Мекеме Казакстанда инфляциянын өсүшү бардык негизги көрсөткүчтөр боюнча катталганын билдирди. Өлкөдо жылдык инфляция сентябрь айында 12,9%га (августта – 12,2%) чейин жогорулап, Улуттук банктын божомолунан ашып түшкөн.

“Инфляцияга азык-түлүк компоненттери эң чоң салым кошууда (өсүү 12,7%). Өндүрүш чыгымдарынын жана импорттун кымбатташынын эсебинен айрым азык-түлүк категорияларынын баасы тездик менен жогорулап жатат. Кызмат көрсөтүү тармагындагы инфляция дагы эле жогору бойдон калууда (15,3%). Азык-түлүккө байланышпаган инфляция да тездөөдө (10,8%). Күйүүчү майдын баасы жыл ичинде 11,9%га, ал эми сентябрь айында 3,4%га жогорулаган”,- деп айтылат маалыматта.

Scroll to Top