Инвестициялар боюнча улуттук агенттик NWT Group компаниясы менен энергетика, өнөр жай инфраструктурасы жаатында кызматташат

Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин жетекчиси Равшанбек Сабиров NWT Group эл аралык өнөр жай холдингинин өкүлдөрү менен жолугушуп, энергетика жана өнөр жай инфраструктурасы тармагындагы кызматташууну талкуулады.
Жолугушууда компания өкүлдөрүнө өлкөдөгү инвестициялык климат, бизнес жүргүзүү шарттары жана долбоорлорду ишке ашыруунун багыттары тууралуу маалымат берилген. Мындан тышкары, кайра жаралуучу энергия булактары, теплица комплекстерин куруу жана биогаз станцияларын өнүктүрүү маселелери каралган.
Ошондой эле компаниянын өкүлдөрү Европа өлкөлөрүндөгү жана чет өлкөлүк рыноктордогу ишмердүүлүгү боюнча маалымат беришкен.
Равшанбек Сабиров инвесторлордун укуктарын коргоо, ачыктык принциптерин сактоо жана энергетикалык, өнөр жай инфраструктурасын модернизациялоого инвестиция тартуу мамлекеттин багыттарынын бири экенин белгилеген.
Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар кызматташуу багыттарын иштеп чыгууну жана инвестициялык демилгелер боюнча маалымат алмашууну улантууну макулдашышты.