Иран АКШ менен убактылуу элдешүүдөн баш тартып, тынчтык үчүн өз шарттарын койду

Иран АКШ менен убактылуу ок атышууну токтотуу демилгесин колдогон жок жана аскердик аракеттерди толук токтотууну талап кылууда. Бул тууралуу Тегерандын расмий позициясына таянуу менен IRNA агенттиги билдирди.
Агенттиктин маалыматына караганда, иран тарап Пакистан аркылуу он пункттан турган жообун өткөрүп берген. Тынчтык келишимине өтүү үчүн негизги шарттардын арасында Ормуз кысыгында кемелердин коопсуз жүрүүсү боюнча протоколду макулдашуу, ошондой эле санкцияларды алып салуу бар. Мындан тышкары, Тегеран жаңжал аяктагандан кийин өлкөнү калыбына келтирүүгө көмөктөшүүнү жана аймактагы чабуулдарды толук токтотууну талап кылууда.
Вашингтон азырынча акыркы макулдашуулар жок экенин тастыктоодо. Ак үйдүн өкүлү америкалык ЖМКларга АКШ президенти Дональд Трамп ок атышууну токтотуу боюнча келишимге кол койбогонун жана аскердик операция уланып жатканын билдирди.