Исфана шаарынын оңдолгон аэропортуна Исхак Раззаковдун наамы ыйгарылды – сүрөт

Исфана шаарынын оңдолгон аэропортуна Исхак Раззаковдун наамы ыйгарылды – сүрөт

Исфана шаарынын аэропортуна белгилүү мамлекеттик ишмер Исхак Раззаковдун наамы ыйгарылды.  Бул туурасында премьер-министрдин м.а., биринчи вице-премьер-министр Артем Новиков Баткен облусунун жаңы аэровокзалынын ачылыш салтанатында жарыялаган.

«Бүгүн кош майрам. Исфана шаарынын оңдоодон өткөн жаңы аэропорту ачылып, ага белгилүү мамлекеттик ишмер Исхак Раззаковдун наамы ыйгарылды. Аэровокзалдын жаңы имаратынын курулушунан жана аэродром элементтерин реконструкциялоодон соң аэропорт жарактуулук сертификатына ээ болуп, өлкөнүн авиаця эрежелеринин талаптарына ылайык, пайдаланууга берилди. Бул аэропорт калкка 45 жылдан ашуун кызмат кылды. Реконструкциядан соң, ал элге дагы көптөгөн жылдар бою кызмат кылаарына ишенем», — деп белгилеген Артем Новиков.

Өкмөт башчынын милдетин аткаруучу иш-чаранын катышуучуларын  маанилүү инфраструктуралык объекттин ачылышы менен куттуктап, аэропорттун ачылышы жемиштүү иштин жыйынтыгы болуп саналаарын белгиледи.

Ошондой эле ал бүгүнкү күндө дүйнөнүн 31 өлкөсүнөн учуулар ишке ашырылып жатканын, бул багыттагы иштер уланталарын кошумчалаган

Андан соң Артем Новиков Исфана шаарында тургузулган Исхак Раззаковдун эстелигине гүл коюп, ошондой эле биздин доордун көрүнүктүү мамлекеттик жана саясий ишмеринин музейине барган.

Белгилей кетсек, «Исфана» аэропорту жетимишинчи жылдары курулуп, колдонууга берилген. 

Буга чейин жарандык авиация агенттигинин комиссиясы аэродромду текшерип чыккан. 2019-жылдын апрель айынан баштап, Бишкек – Исфана – Бишкек каттамындагы аэродромдун пайдалануу сертификатынын жаңыланбагандыгына байланыштуу токтотулган.
[su_image_carousel source=»media: 51079,51080,51081,51082,51083,51084,51085″ crop=»none» autoplay=»4″]

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>