Иш учурунда бейтаптарды күттүрүп коюп тамактанган медайымдардын видеосу тарады

Иш учурунда бейтаптарды күттүрүп коюп тамактанган медайымдардын видеосу тарады

Социалдык тармактарда Каракол шаарынын Үй-бүлөлүк медицина борборунун кызматкерлери жумуш учурунда түшкү тамактанып жаткан видео тарады.

Видеодо саат 10:30да эле медициналык кызматкерлер тыныгуу жасап, бейтаптарды 40 мүнөт күтүүгө аргасыз болгону айтылат. Бейтаптардын арасында кош бойлуу аялдар жана балдар бар.

Медкызматкерлерден кабылдамада тургандар «бейтаптарды качан көрүп баштайсыздар» деп сурашкан. Өз кезегинде, медиктер: «Эмне, түшкү тамактанганды да сизден сурашыбыз керекпи?!» деп жооп беришкен.

Бул видеого Саламаттыкты сактоо министрлигинин Ысык-Көл облусундагы өкүлү комментарий берип, окуя боюнча жыйын болуп, андан кийин протокол түзүлгөнүн айтты.

Орой жооп берген медайымга эскертүү берилген.

Окуя 29-мартта болгону белгилүү болду.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>