Кадамжайда үйүндө мыйзамсыз курал сактап жүргөн адам аныкталды

Кадамжайда үйүндө мыйзамсыз курал сактап жүргөн адам аныкталды

Кадамжайда мыйзамсыз курал сактап жүргөн адам аныкталды. Бул тууралуу Баткен облусунун ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Кадамжай районундагы “Арсенал” аталышындагы  операциянын жүрүшүндө Үч-Коргон айыл аймагынын 58 жаштагы Б.Ж. аттуу тургунунан калибри 16 мм болгон, кош стволдуу сайсыз ок атуучу куралды мыйзамсыз сактап жүргөндүгү аныкталган.
Бул факты Кадамжай РИИБнин КЖБРне Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 253-беренеси (Куралды, ок-дарыларды мыйзамсыз жүгүртүү) менен катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталган.
Алынган куралга тиешелүү экспертиза дайындалып, тергөө амалдары жүрүп жатат.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>