Боливияда 100 жыл ичинде алгач ирет жапайы мышыктын жаңы түрү ачылдыКыргызстандын коммерциялык банктарынын активдери 1,2 трлн сомго жеттиСадыр Жапаров АКШнын Юта штатынын жетекчилиги менен жолугуп, кызматташтыкты талкууладыЭксперт: Бишкек ШКУ өлкөлөрү үчүн бейтарап каржы аянтчасына айланууга кудуреттүүКМТУда тиричилик химиясынын өнөр жай технологиялары лабораториясы ачылды20-сентябрь: айрым аймактарда өткүн өтүп, күн күркүрөйт
Боксчу Амантур Жумаев Азия чемпионатында күмүш утту
06.05.2024 | 16:38
Кыргызстандык мушкер Амантур Жумаев бокс боюнча жаш уландар арасындагы Азия чемпионатында күмүш байге тагынды. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.
Жумаев 54 кг салмакта 2006-2007-жылы туулган жаш уландар арасында күч сынашты.
Ал алгач 1/8 финалда түркмөнстандык, чейрек финалда тажикстандык жана жарым финалда ирандык мушкерди жеңип, алтын үчүн беттеше турган болгон. Бирок финалда Жумаев өзбекстандык спортчуга жеңилип, Азия чемпионатынын күмүш байгесине ээ болду.
Эскерте кетсек, 2023-жылы Амантур Жумаев 16 жашка чейинки спортчулар арасында дүйнө жана Азия чемпиону болгон.