БШК Нурланбек Азыгалиевди депутаттык мандатынан ажыраттыЧүй проспектиси менен Абдрахманов көчөсүнүн кесилишиндеги жер үстүндөгү конструкция жакынкы арада бузулатСадыр Жапаров кыргызстандыктарды Аталар күнү менен куттуктадыЖК депутаты Нурланбек Азыгалиев мандатын тапшырууга арыз жаздыКыргызстанда англис тили мугалимдерин даярдоо реформасы британиялык эксперттердин колдоосуна ээ болдуЖакынкы Чыгыштан 142 жаран Кыргызстанга эвакуацияланды
Кадамжайда мыйзамсыз аңчылык кылгандар кармалды
23.02.2024 | 11:54
Баткендин Кадамжай районунда мыйзамсыз аңчылык кылгандар кармалды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.
Милициядан белгилешкендей, аңчылык мезгили аяктаганына карабастан, эки жаран Айрыбаз айыл аймагынын Кожо-Кайыр жайлоосунда аң уулоого чыгып, 14 кекиликти аткан. Алар Айрыбаз айылдык милиция бөлүмчөсүнүн кызматкерлери тарабынан кармалган.
Учурда аталган факт каттоого алынып, тергөө иштери жүрүүдө.
Милиция 20нан 28-февралга чейин Баткенде “Мал ууру”, “Касапчы” аталышындагы иш-чаралар жүрүп жатканын билдирди.
