Кадамжайда 2 миңге жакын айыл тургуну ичүүчү суу менен камсыз болот

13.04.2026 | 15:39

Баткендин Кадамжай районунун Совет айылында ичүүчү суу системасын куруу иштери жүрүүдө. Долбоордун алкагында, айылдын 2 миңге жакын тургуну ичүүчү суу менен камсыз болот.

Айыл чарба министрлигинин маалыматында, долбоор сууну ар бир үйгө киргизүүнү карайт. Бул аймактын санитардык абалын жакшыртууга жана оорулардын алдын алууга багытталган.

Курулуш иштерин жылдын экинчи кварталында аяктоо пландаштырылган. Иш-чара «Климаттын өзгөрүүсүнө туруктуу суу чарба кызматтарын жакшыртуу» долбоорунун алкагында ишке ашырылууда.

Scroll to Top