«KAV & KEV» компаниясынын кеңсесинде тинтүү жүрүп, Клевцовду суракка алып кетиштиӨкмөт башчы Москвага иш сапары менен баратКыргызстанда абага зыяндуу заттардын чыгуусу өсүүдө: 2024-жылы 58,3 миң тоннаны түзгөнЧүйдө короолорго кирип, уурулук кылып жүргөн шектүү кармалды«Пуля» Валентина Шевченко Вейли Чжанды жеңип, UFCнин алдыңкы орунда калды3 мамлекеттин тарыхый келишими: Ташкентте ТИМ башчылары чек аралардын кесилиш чекитин бекитишти
Кадыр Атамбаев атасы менен жолугууга уруксаат алды
17.09.2019 | 13:36
Бүгүн, 17-сентябрда мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин туулган күнү. Анын уулу Кадыр Атамбаев атасы менен жолугууга уруксаат алды.
Белгилей кетсек, Атамбаевдин тарапташтары анын туулган күнүнө карата Горький эс алуу багына чыгармачылык кече уюштурушмак. Бирок Баткендеги кыргыз-тажик чек арасында болуп жаткан жагдайга байланыштуу кече өткөрүлбөй турганын эртең менен КСДП партиясынан кабарлашкан.
Алмазбек Атамбаев 8-августта Ички иштер министрлигинин (ИИМ) атайын операциясынан соң кармалып, УКМКнын тергөө абагына киргизилген. Андан соң Биринчи Май райондук сотунун чечими менен 26-октябрга чейин камакта калтырылган.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом