Бишкектин Арча-Бешик конушундагы №79 мектептин жаңы имаратынын курулушу аяктады2025-жылы билим берүү жана илим тармагына 78,3 млрд сом багытталганҮйлөрдүн ортосундагы бир метр жана жооптордогу туңгуюк: Оштун чиновниктери жаранды кантип ары-бери түртүп жатышатДастан Бекешев: Саламаттык сактоого акча бар, бирок дары-дармек жетишсизБишкек–Балыкчы жүргүнчү поезди 26–27-сентябрда кошумча каттамга чыгатГазада урандылардын астынан жүздөгөн сөөк табылды — БУУ соккуларды иликтөөгө чакырды
Кадыр Атамбаев атасы менен жолугууга уруксаат алды
17.09.2019 | 13:36
Бүгүн, 17-сентябрда мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин туулган күнү. Анын уулу Кадыр Атамбаев атасы менен жолугууга уруксаат алды.
Белгилей кетсек, Атамбаевдин тарапташтары анын туулган күнүнө карата Горький эс алуу багына чыгармачылык кече уюштурушмак. Бирок Баткендеги кыргыз-тажик чек арасында болуп жаткан жагдайга байланыштуу кече өткөрүлбөй турганын эртең менен КСДП партиясынан кабарлашкан.
Алмазбек Атамбаев 8-августта Ички иштер министрлигинин (ИИМ) атайын операциясынан соң кармалып, УКМКнын тергөө абагына киргизилген. Андан соң Биринчи Май райондук сотунун чечими менен 26-октябрга чейин камакта калтырылган.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом