Кайра шайлоо: Бюллетендер шайлоо тилкелерине жөнөтүлдү

21.02.2022 | 17:43

Борбордук шайлоо коммиссиясы Бишкектеги Биринчи май жана Свердлов округдары боюнча Жогорку Кеңештин депутаттарын кайра шайлоого бюллетендерди тилкелерге жиберди. БШКдан билдиришкендей, бүгүн “Учкун” ААКнын имаратында 27-февралда өтө турган шайлоо бюллетендерин кабыл алуу-өткөрүү актысына кол коюлду.

Маалыматка ылайык, Свердлов шайлоо округу боюнча депутаттарды шайлоого 104 миң 788 бюллетень даярдалды. Анын 41 миң 916сы кыргыз тилинде, орус тилинде – 62 миң 872. Ал эми, Брайл арибинде 240 бюллетень жасалды.

Биринчи май шайлоо округу боюнча болсо 110 миң 970 бюллетень даярдалды. Кыргыз тилинде – 44 миң 388, орус тилинде болсо 66 миң 582. Мындан тышкары, Брайл шрифти менен 240 бюллетень жасалды.

Белгилеп кетсек, борбор калаадагы кайра шайлоого жалпысынан 51 талапкер катышууда.

Scroll to Top