Көк-Жарда эки кабаттуу үй өрттөнүп кетти — сүрөт

Көк-Жарда эки кабаттуу үй өрттөнүп кетти — сүрөт

Бүгүн, 21-февралда Аламүдүн районунун Көк-Жар айылында Күмүшалиев көчөсүндө жайгашкан турак үйдөн өрт чыккан.

ӨКМ басма сөз кызматы билдиргендей, өрттү өчүрүүгө Октябрь райондук No5 жана No7 өрт-куткаруу бөлүмүнөн 2 бөлүм тартылган.

Өрт саат 10:29да чектөөгө алынып, саат 11:06да толугу менен өчүрүлгөн. Өрттүн келип чыгуу себептери иликтенип, жабыркагандар жок.

Жалпы аянты 240 чарчы метр эки кабаттуу турак үйдүн ички жасалгасы күйгөн.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>