Камчыбек Ташиев 33 жаштагы жаранга паспорт тапшырды — видео  

Камчыбек Ташиев 33 жаштагы жаранга паспорт тапшырды — видео  

УКМК 33 жаштагы жаран өмүрүндө биринчи жолу өздүгүн тастыктаган документ алганын маалымдады.

Маалыматка караганда, 2023-жылдын 6-апрелинде УКМКнын төрагасы, генерал-лейтенант Камчыбек Ташиев УКМКнын конок үйүндө 1990-жылы туулган Бишкек шаарынын тургуну, үй-бүлөлүк шартка жана жашоодогу кыйынчылыктарга байланыштуу Кыргызстандын жарандыгын ала албай жүргөн Чернышов Максим Алексеевичти кабыл алды.

Көрүлгөн чаралардын негизинде, М.А.Чернышовго Кыргызстандын улуттук паспортторун (ID-карта жана эл аралык паспорт) тариздөө жана берүү үчүн керек болгон баштапкы документтер калыбына келтирилген.

2023-жылдын 16-мартында Чернышов М.А. УКМКнын төрагасына КР улуттук паспортун алууга көмөк көрсөтүү өтүнүчү менен видеокайрылуу (Фейсбук социалдык тарбагында)  жасаган.

1990-жылы биологиялык ата-энелери М.А.Чернышовду Октябрь райондук  балдарды кабыл алуу борборуна таштап кеткен, ал жерден 3 күндөн кийин аны Чернышов Алексей Максимович (1994-ж. каза болгон) жана Чернышова Татьяна Васильевна (2020-жылы каза болгон) багып алышкан.

Максим Чернышов калкты тейлөө органдарына бир нече жолу кайрылганын, бирок өздүгүн тастыктаган документтерди алуу аракеттеринен майнап чыкпаганын, себеби ата-энесинин жана Кыргызстандын паспортун берүүгө негиз болгон документтердин түп нускасы жок болгондугуна байланыштуу ала албаганын айткан.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>