Депутат: Улуттук банкта 47 тонна алтын сакталууда

Депутат: Улуттук банкта 47 тонна алтын сакталууда

Улуттук банкта учурда 47 тонна алтын сакталууда. Бул тууралуу «Кумтөрдүн» Кыргызстанга өткөндөн берки ишмердигин иликтеген депутаттык комиссиянын төрагасы Арсланбек Малиев билдирди.

Анын айтымында, быйылкы жылдын 26-январына карата Улуттун банкта 44 миң 944,13 кг алтын болгон. Андан тышкары, Швейцариядагы банкта 1362,3 кг алтын сактоодо турган.

Жакында алар Улуттук банк кошумча 2 тонна алтын сатып алганы тууралуу маалымат алган. Ошону менен бүгүнкү күнү Улуттук банкта 47 тонна алтын бар.

Малиевдин айтымында, Улуттук банкта сакталган алтындар Кыргызстанда өндүрүлгөн алтындар. Алардын дээрлик 90%ы «Кумтөрдүн» алтыны болуп саналат.

«Кумтөргө» тышкы башкаруучу дайындалган учурда Улуттук банкта 17 тонна алтын бар болгон», — деди ал.

19 тонна алтындын чыгарылышы: Комиссия чоо-жайын айтты (видео)

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>