Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары, УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев Ош облусунда селден жабыркаган тургундар менен жолугушат. Бул тууралуу анын жардамчысы Өткүрбек Рахманов билдирди.
Анын айтымында, бүгүн, 19-июлда Ташиев сел жүргөн аймактардагы абал менен таанышып, жергиликтүү тургундар менен жолугушуу үчүн Ошко жөнөп кетти.
«Тийиштүү жетекчилерге ыкчам тапшырмалар берилүүдө», — деп билдирди ал.