Кыргызстан менен Дүйнөлүк банк 95,75 миллион долларлык макулдашууга кол койду 

22.11.2026 | 16:30
Кыргызстан менен Дүйнөлүк банк 95,75 миллион долларлык макулдашууга кол койду  — Новости Кыргызстана

20-ноябрда Бишкекте финансы министри Руслан Суйналиев Дүйнөлүк банктын Орто Азия боюнча аймактык директору Наджи Бенхассин менен жолугушту. Жолугушуунун алкагында «Ирригацияга инвестициялоонун улуттук программасы» долбоору боюнча Финансылык макулдашууга кол коюлду. Бул тууралуу Финансы министрлиги билдирет.

Макулдашууга ылайык, Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын (ЭӨА) 95,75 миллион доллар көлөмүндө насыя каражаттары берилет. Программанын жалпы каржылоо көлөмү – 193 миллион доллар. Каржылоого Азия инфраструктуралык инвестициялар банкы, ОПЕК фонду жана Швейцариянын өнүктүрүү жана кызматташтык агенттиги катышат, ошондой эле жеке капитал тартылат.

Минфиндин маалыматы боюнча, долбоор ирригациялык инфраструктураны модернизациялоого, суу ресурстарын пайдалануунун натыйжалуулугун жогорулатууга жана айыл чарбасынын климаттын өзгөрүшүнө туруктуулугун бекемдөөгө багытталган.

Программа Кыргызстандын бардык жети облусун камтыйт. Ал болжол менен 82 миң гектар аянтта ирригациялык кызматтарды жакшыртууга мүмкүндүк берет, жок дегенде 454 миң жашоочуга пайдасы тиет. Министрликтин белгилөөсүнчө, долбоорду ишке ашыруу айыл чарбанын өндүрүмдүүлүгүн жана тамак-аш коопсуздугун жогорулатууга өбөлгө болот.

Жолугушуунун жыйынтыгы боюнча тараптар финансылык жана техникалык кызматташтыкты кеңейтүүгө кызыкдар экенин ырасташты.

Теги: минфин
Scroll to Top