Иран Бахрейндеги америкалык базаларга чабуул жасады: ушул саатка карата эмнелер белгилүү

Иран Бахрейндеги америкалык аскердик объектилерге ракеталык сокку уруп, учкучсуз учактар менен чабуул жасаганын билдирди. Ошол эле учурда тараптардын соккулардын бутасы жана кесепеттери тууралуу билдирүүлөрү эки ача чыгууда. Тегеран Patriot абадан коргонуу тутумунун радиолокациялык системаларына сокку урганын ырастаса, Бахрейн бийлиги жарандык объектиге зыян келтирилгенин маалымдады. Reporter.kg чет элдик ЖМКлардан маалыматтарды чогултту.
Алсак, 21–22-ноябрда АКШ менен Ирандын уланып жаткан тирешүүсүнүн фонунда ЖМКларда америкалык аскердик объектилер жайгашкан Бахрейндин аймагындагы жаңы чабуулдар тууралуу маалыматтар пайда болду.
Иран эмне деп билдирүүдө
Ирандын Fars жана Tasnim агенттиктеринин маалыматы боюнча, Ислам революциясынын сакчылар корпусу (ИРСК) Бахрейндеги Шейх-Иса жана Эль-Джуфейр базаларындагы америкалык аскердик объектилерге сокку урган.
Тегеран бул чабуулду АКШнын Ирандын аймагына урган соккуларына жооп деп атады. Ошондой эле ИРСК Эр-Рифа жана Авали райондорундагы объектилерде жайгашкан америкалык Patriot зениттик-ракеталык комплекстеринин радиолокациялык тутумдарына ракеталар жана учкучсуз учактар менен чабуул жасаганын билдирди.
Иран тарап радарларга сокку тийгенин ырастайт.
Бахрейн бийлиги эмне деп маалымдады
Бахрейндин Ички иштер министрлиги 21-ноябрдагы ирандык чабуулдун кесепетинен жарандык өнөр жай объектиси жабыркаганын билдирди. Анын аймагында өрт чыгып, аны өчүрүүгө жарандык коргонуу бөлүмдөрү тартылган.
Алдын ала маалыматтар боюнча, материалдык зыян келтирилген, каза болгондор жана жабыркагандар жок. Бийлик ишкананын аталышын жана окуя болгон так жерди ачыктаган жок.
Бахрейндин Куралдуу күчтөрү ошондой эле абадан коргонуу тутумдары бир нече аба бутасын тосуп калганын билдирди. Ошол эле учурда сыныктардын кулашы жер бетинде зыян келтирген.
Королдуктун бийлиги Ирандын аракеттерин айыптап, аларды өлкөнүн коопсуздугуна коркунуч катары атады. Бахрейн ошондой эле уланып жаткан чабуулдарга байланыштуу БУУга кайрылды.
АКШнын позициясы
Өз кезегинде АКШнын расмий өкүлү Ирандын билдирүүлөрүн четке кагып, Тегерандын 21–22-ноябрдагы жаңы чабуулдары аймактагы америкалык күчтөргө же аскердик техникага зыян келтирбегенин билдирди.
Чыр-чатактын курчушу
Жаңы соккулар Ирандын АКШ жана Израил менен болгон узакка созулган тирешүүсүнүн фонунда болду, ал 2026-жылдын 28-февралында Иранга каршы аскердик кампания башталгандан кийин курчуган.
Аймагында АКШнын Аскер-деңиз күчтөрүнүн Бешинчи флоту жайгашкан Бахрейн буга чейин да бир нече жолу аба чабуулдарына кабылган. Акыркы күндөрү королдуктун бийлиги ракеталар менен учкучсуз учактарды тосуп калуу боюнча жаңы учурлар тууралуу билдирген.