Бишкекте Гоголь көчөсүн реконструкциялоо аяктадыБишкекте айдоо укугунан ажыратылган BMW айдоочусу кубалашып, МККБнын унаасын сүздүБишкекте тазалоочу курулмалар модернизацияланып, биогумус алуу пландалуудаКыргыз режиссеру Артыкпай Сүйүндүков АКШда «Ак илбирс» сыйлыгына татыдыТатьяна Кимдин Wildberries’тен кетиши: компаниядан эмне деп билдириштиБугу Эне тууралуу уламыш «Аалам сулуусу» сынагынын сахнасында жанданды
Бишкекте Гоголь көчөсүн реконструкциялоо аяктады
22.11.2026 | 14:45

Бишкекте Гоголь көчөсүнүн Москва көчөсүнөн Жумабек көчөсүнө чейинки узундугу болжол менен 1,5 км болгон тилкесин реконструкциялоо аяктады. Бул тууралуу Бишкек мэриясы билдирди.
Анын маалыматы боюнча, иштердин жүрүшүндө асфальт жаңыртылып, жолдун жүрүүчү бөлүгү кеңейтилди жана жолдун эки тарабынан унаа токтотуучу жайлар уюштурулду.
Ошондой эле мыйзамсыз кабелдер алынып, жарыктандыруу жаңыртылды, кабель тармактары жер астына көчүрүлүп, жашыл аймактар көрктөндүрүлдү. Жол жээгине 200дөн ашуун бак-дарак отургузулду.
Чүй проспектисинен Огонбаев көчөсүнө чейинки тилкеде суу түтүктөрү алмаштырылды. Чүй проспектиси менен Гоголь көчөсүнүн кесилишинде мыйзамсыз объектилер демонтаждалды.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом