1,5 миң сомдук аңчылык күбөлүгү: Кыргызстанда жаңы эрежелер иштелип чыкты

Кыргызстанда мамлекеттик аңчылык күбөлүгүн берүүнүн баасын 1,5 миң сом, ал эми аны алмаштырууну же дубликатын берүүнү 1 миң сом өлчөмүндө белгилөө сунушталууда. Министрлер кабинетинин тиешелүү токтом долбоорун Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги иштеп чыкты.
Документ ошондой эле экзамен тапшыруу, документтерди тапшыруу жана аңчыларды эсепке алуу тартибин кошо алганда, аңчылык күбөлүктөрүн алуу эрежелерин жаңылоону карайт.
Негиздеме-маалымкатта айтылгандай, колдонуудагы эрежелер 2015-жылы бекитилген. Алар аңчылык күбөлүгүн алуунун негизги маселелерин жөнгө салат, бирок айрым жол-жоболор жетиштүү деңгээлде иштелип чыкпай калган.
Тактап айтканда, арыздарды электрондук түрдө берүү, ведомстволор аралык маалымат алмашуу, экзаменге киргизүүдөн жана күбөлүк берүүдөн баш тартуу негиздери, ошондой эле чечимдерге даттануу, дубликат алуу жана каталарды оңдоо тартиби толук жөнгө салынган эмес.
Мындан тышкары, колдонуудагы ченемдер аңчынын статусун, ок атуучу куралды колдонуу укугун жана конкреттүү аңчылык жүргүзүү үчүн зарыл болгон документтерди жетиштүү даана бөлүп көрсөтпөйт.
Иштеп чыгуучулардын пикиринде, эрежелерди жаңылоо бул боштуктарды жоюуга, мамлекеттик органдарга баруунун санын кыскартууга жана жарандарды мамлекеттик маалымат базаларында мурдатан бар документтерди кайталап тапшыруудан арылтууга мүмкүндүк берет.
Ошол эле учурда мекемеден долбоор аңчылыкка уруксат берүүчү жаңы системаны жана кошумча мезгилдүү төлөмдөрдү киргизбей турганын баса белгилешет.
Долбоордо акы төлөөнүн төмөнкү өлчөмдөрүн белгилөө сунушталууда:
- Мамлекеттик аңчылык күбөлүгүн берүү — 1 500 сом.
- Күбөлүктү алмаштыруу — 1 000 сом.
- Дубликат берүү — 1 000 сом.
Көрсөтүлгөн суммалар бланктардын баасын камтыйт. Экзамен тапшыруу да акы төлөнүүчү болот, бирок анын баасы токтом долбоорунда өзүнчө көрсөтүлгөн эмес.
Күбөлүктү кимдер ала алат
Долбоорго ылайык, мамлекеттик аңчылык күбөлүгүн 16 жашка толгон адамдар аңчылык минимуму боюнча экзаменди ийгиликтүү тапшыргандан кийин ала алышат.
Ошол эле учурда ок атуучу аңчылык куралын колдонуу менен аңчылык кылуу укугу курал жөнүндө мыйзамдардын талаптарын сактаганда 18 жаштан баштап пайда болот.
Күбөлүктүн өзү аңчынын статусун ырастайт, бирок куралга уруксатты, жолдомону жана конкреттүү аңчылык үчүн зарыл болгон башка документтерди алмаштырбайт.
Төмөнкүдөй тартипти белгилөө сунушталууда:
- Арызды жеке өзү, ыйгарым укуктуу органдын электрондук почтасы же мамлекеттик электрондук кызмат көрсөтүү порталдары аркылуу берүү.
- Арызды кароо жана экзаменге киргизүү жөнүндө чечимди 10 календардык күндүн ичинде кабыл алуу.
- Экзамендерди айына кеминде бир жолу электрондук тестирлөө түрүндө өткөрүү.
- Арыз ээсине экзамен өткөрүлө турган күн, убакыт жана орун тууралуу ал өтөрүнөн кеминде беш жумуш күнү мурда кабарлоо.
- Экзаменди ийгиликтүү тапшыргандан кийин 10 календардык күндүн ичинде күбөлүктү берүү.
Мамлекеттик органга «Түндүк» системасы аркылуу жеткиликтүү болгон документтер жана маалыматтар кайра суралбайт.
Экзамендер кандай өтөт
Экзамен электрондук түрдө өткөрүлөт. Суроолор аңчылык жөнүндө мыйзамдарды, коопсуздук эрежелерин, жаныбарлар биологиясынын негиздерин, сейрек кездешүүчү түрлөрдү коргоону жана эреже бузуулар үчүн жоопкерчиликти камтыйт.
Үч категория каралган:
- «А» — күбөлүк алуучулардын баары үчүн милдеттүү болгон негизги категория. Экзамен 60 суроодон туруп, ага 60 мүнөт берилет. Ийгиликтүү тапшыруу үчүн кеминде 40 суроого туура жооп берүү зарыл.
- «Б» — аңчылык пайдалануучулардын жетекчилери үчүн кошумча категория. Экзамен 20 суроодон турат, ага 20 мүнөт бөлүнөт. Кеминде 15 туура жооп керек.
- «Л» — алгыр куштарды кармагандар үчүн кошумча категория. Экзамен 10 суроону камтыйт, ага 10 мүнөт берилет. Тапшыруу үчүн кеминде жети туура жооп талап кылынат.
Ийгиликсиз болгон учурда экзаменди кеминде үч айдан кийин гана кайра тапшырууга болот. Аракеттердин саны чектелбейт.
Күбөлүктүн жарактуу мөөнөтү жана алмаштыруу
Мамлекеттик аңчылык күбөлүгүн 10 жылга берүү сунушталууда. 55 жашка толгон адамдарга документ мөөнөтсүз берилет. Жарактуу мөөнөтү аяктагандан кийин күбөлүктү кайра экзамен тапшырбастан алмаштырууга болот.
Кайра экзамен тапшыруу эреже бузуулар үчүн күбөлүк үч жолудан ашык алынып коюлгандан кийин аңчынын статусун калыбына келтирүү үчүн гана талап кылынат.
Аңчыларды эсепке алуу жана баш тартуу негиздери
Долбоор аңчылардын электрондук мамлекеттик реестрин жүргүзүүнү карайт, анда берилген күбөлүктөр, ыйгарылган категориялар, күбөлүктү алып коюулар жана аңчылык укугун чектөөлөр тууралуу маалыматтар сакталат.
Күбөлүк берүүдөн баш тартуунун негиздерин так бекитүү сунушталууда. Алардын арасында:
- Экзаменден өтпөй калуу.
- Жасалма документтерди же олуттуу так эмес маалыматтарды берүү.
- Адамга аңчылык кылууга түздөн-түз тыюу салган мыйзамдуу күчүнө кирген сот актысынын болушу.
- Күбөлүктү берүү үчүн белгиленген акыны төлөбөө.
Долбоорго ылайык, аңчылык күбөлүгүн тариздөөдө соттуулугу жана кылмыш жоопкерчилигине тартылгандыгы тууралуу маалыматтар суралбайт.
Ошол эле учурда аңчылык күбөлүгүн алуу ок атуучу куралды сатып алууга жана колдонууга автоматтык түрдө укук бербейт. Бул үчүн курал жөнүндө мыйзамдардын өзүнчө талаптарын сактоо зарыл.
Баш тартуу жөнүндө чечимдерге административдик же соттук тартипте даттанууга болот. Мурда берилген аңчылык күбөлүктөрү белгиленген мөөнөтү аяктаганга чейин күчүндө калат. Мөөнөтсүз күбөлүктөр да жарактуу бойдон калат.
Анара Мамытова