Садыр Жапаров кыргызстандыктарды Аталар күнү менен куттуктадыЖК депутаты Нурланбек Азыгалиев мандатын тапшырууга арыз жаздыКыргызстанда англис тили мугалимдерин даярдоо реформасы британиялык эксперттердин колдоосуна ээ болдуЖакынкы Чыгыштан 142 жаран Кыргызстанга эвакуацияланды15-мартка карата аба ырайыТалас мамлекеттик университетинин жаңы имараты курулууда
Кара-Балтада 600 миң долларга гемодиализ борбору ачылат
20.02.2024 | 20:29
Март айында Кара-Балта шаарында жаңы гемодиализ борбору ачылат. Гемодиализ борборунан билдиришкендей, долбоорго салынган инвестиция 600 миң долларды түздү.
Аталган борбордо бөйрөк терапиясы – гемодиализ кызматы көрсөтүлөт. Келечекте плазмаферез жана гемоперфузияны киргизүү пландалууда.
“Учурда оңдоо иштери аяктады. Майда косметикалык кемчиликтерди жоюу иштери жүрүп жатат, андан кийин жабдууларды жана эмеректерди орнотуу башталат”, – деп айтылат маалыматта.
Бейтаптар үчүн гемодиализ Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун каражаттарынын эсебинен акысыз жүргүзүлөт.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар