Эмгек министрлиги былтыр 16 миңден ашык жаранды ишке орноштурган

Эмгек министрлиги былтыр 16 миңден ашык жаранды ишке орноштурган

Эмгек министрлиги эмгек рыногунда жаштарды иш менен камсыз кылуунун жаңы чарасын киргизүүдө. Бул тууралуу эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Гүлнара Баатырова кесиптик лицейлерде жана колледждерде окуган окуучулар арасында WorldSkills Kyrgyzstan жумушчу кесиптердин Улуттук чемпионатынын ачылышында билдирди.

Анын айтымында, 2023-жылы 16703 жумушсуз жаран ишке орноштурулган.

«Кыргызстанда калктын 2,4 миллионун 14 жаштан 35 жашка чейинки жаштар түзөт. Министрлик тарабынан кесиптик багыт берүү, кесиптик билим берүү, жаштарды ишке орноштуруу чөйрөсүндө максаттуу иштер жүргүзүлүүдө. Алсак, эмгек министрлиги аркылуу 2024-жылдын 1-январына карата 8989 адам эмгек рыногунда талап кылынган кесиптерге окутулган, 62% ишке орношкон. Мындан тышкары, 125 адистиктер боюнча окууга болот. Иш менен камсыз кылуу кызматынын көмөгү астында 2023-жылы 16703 жумушсуз жаран, анын ичинен 1764 жаштар ишке орноштурулган», — деди министр.

Ал белгилегендей, эмгек рыногунда кесиптик лицейлердин, колледж, жогорку окуу жайлардын бүтүрүүчүлөрү иш тажрыйбасы жок болгондугуна байланыштуу министрлик ушул жылы 35 жашка чейинки 3 миң жаштар үчүн «жаштар стажировкаларын» уюштурууну пландоодо.

«Жаштар жеке менчигине карабастан ишканаларда стажировкадан өтүүгө мүмкүнчүлүк алышат. Өлкө боюнча жаштарга кесип тандоодо жардам берүү үчүн кесиптик багыт берүүчү 9 борбор ачылды», — деди Гүлнара Баатырова.

Улуттук жумушчу кесиптер чемпионаты, үч адистик боюнча өткөрүлөт: ширетүү технологиясы, ашпозчулук жана мода технологиясы. Чемпионаттын республикалык турунун жыйынтыгы менен аныкталган өлкөнүн мыкты студенттери өз жөндөмдөрүн көрсөтүшөт жана Франциядагы эл аралык чемпионатта өлкөнүн атынан чыгышат.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>