Франциянын ЖОЖдоруна былтыр 122 кыргызстандык кабыл алынган

Франциянын ЖОЖдоруна былтыр 122 кыргызстандык кабыл алынган

2024-жылдын 19-февралында Париж шаарында Кыргызстандын Франциядагы элчиси Садык Шер-Нияз менен Франциянын Тышкы иштер министрлигинин Континенталдык Европа департаментинин директору Брис Рокфелдин жолугушуусу болуп өттү. Бул тууралуу ТИМден билдиришти.

Жолугушууда тараптар эки өлкөнүн ортосундагы саясий, соода-экономикалык, инвестициялык жана маданий өз ара аракеттенүүнү мындан ары өнүктүрүүнүн келечегине өзгөчө көңүл буруп, кыргыз-француз эки тараптуу кызматташуусунун кеңири чөйрөсүн талкуулашты.

Элчи Садык Шер-Нияз кош салык салууну болтурбоо жана инвестицияларды коргоо жаатында макулдашууларды түзүү, ошондой эле Бишкекте кезектеги кыргыз-француз бизнес форумун уюштуруу аркылуу экономикалык, соода жана инвестициялык мамилелерди өнүктүрүү зарылдыгына токтолду.

Жолугушуунун соңунда тараптар маданий-гуманитардык кызматташуу маселелерин талкуулашты. Б.Рокфел 2023-жылы Франциянын жогорку окуу жайларына Кыргызстандан 122 студент кабыл алынганын канааттануу менен белгиледи. Өз кезегинде элчи Кыргызстандын музей кызматкерлери жана француз тили мугалимдери үчүн Францияда квалификацияны жогорулатуу программалары боюнча эки тараптуу кызматташууну активдештирүүнү сунуштады.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>