Бишкекте Толстой көчөсүнүн бир бөлүгү оңдоодон кийин ачылдыӨкмөт башчы Бишкектеги ири стадиондун жана конгресс-холлдун курулушу менен тааныштыМонголия Президентинин Кыргызстанга болгон мамлекеттик сапары аяктадыЖК төрагасы Кытай парламентинин төрагасы Чжао Лецзи менен жолуктуКомуз белекке берилди. Садыр Жапаров менен Монголия Президенти “Рух-Ордого” барыштыФутбол. Кыргызстан Бахрейнди 1:0 эсебинде утту
Кара-Дарыяда суу көтөрүлүп, эгин аянттарды каптады
22.05.2024 | 19:00
Кара-Дарыяда суунун көлөмү көтөрүлүп, Сузак районундагы бир нече аймакты каптады. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.
Ага Кемпир-Абад суу сактагычынан суу коё берилгендиги себеп болгон.
Көк-Арт жана Чаңгет-Сай сууларын кошкондо дарыянын деңгээли 330-340 м3/сек. көлөмгө чейин жетти. Арал айылындагы суу тосмолорду жарып, Бостон, Питомник, Аэропорт жана Кундузчу тилкелеринин 110 гектардан ашуун күрүч, эгин аянттарын сел алып, 200 жакын турак жайга кооптуулук жаралды.
Учурда дарыянын оң жээгин бекемдөө аракети көрүлүүдө.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом