«Кыргызнефтегаздагы» коррупция ишине шектелген Байгазы Матисаков абактан бошотулдуБишкекте 6 жашар бала иттерге таланган окуя боюнча кылмыш иши козголдуБишкекте 6 жашар бала иттерге таланып, ооруканага түштүАйыл чарба министрликке кабыл алууга кире албай жатышат — депутатЕАЭБде учкучсуз жүк ташууну жайылтуу пландалуудаТашкент – Ош багытындагы түз авиакаттам ачылды. Мындан ары каттамдар жумасына эки ирет аткарылат
Кара-Кечеден 3,5 айда жарым миллион тонна көмүр казылды
16.12.2021 | 11:53
Үстүбүздөгү жылдын сентябрь айынан декабрдын ортосуна чейин Кара-Кече көмүр кенинен «Кыргызкөмүр» мамлекеттик ишканасы тарабынан 508 миң тонна көмүр казылган. Бул тууралуу Энергетика министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Министрликтин маалыматына ылайык, быйылкы жылы кенден 740 миң тонна көмүр казылган. Бул былтыркыдан 243 миң тоннага көп. 2020-жылы 497 миң тонна катуу отун өндүрүлгөн.
Кенден чыккан көмүр Бишкек ЖЭБине, мамлекеттик мекемелерге жана элге сатуу үчүн берилет.
«Жеринде күнүнө 30 техника иштейт. Көмүр күнүнө 200гө жакын унаа менен ташылат», – деп билдирди энергетика министри Доскул Бекмурзаев.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом