Сургутта газ жарылып, үч кыргызстандык жабыркады

Сургутта газ жарылып, үч кыргызстандык жабыркады

Сургут шаарында газ жарылып, Кыргызстандын үч жараны жабыркады. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

2021-жылдын 15-декабрында, жергиликтүү убакыт боюнча саат 18:00 чамасында Сургут, Ханты-Мансийск автономиялык округу-Югра Жеңиштин 30 жылдыгы көчөсүндө жайгашкан унааларды тейлөө станциясында газ баллон жарылган.

«Окуянын кесепетинен 10 адам жабыркаган. Алдын ала маалымат боюнча, жабыркагандардын арасында Кыргызстандын 3 жараны бар: 1979-жылы туулган Э.Ж.И., 1981-жылы туулган К.Б.Х., 1990-жылы туулган Х.Э.К. Учурда алардын абалы орточо деп бааланууда. Алардын баары Сургут шаарындагы күйүк борборуна жаткырылды», — деп билдирди Тышкы иштер министрлиги.

Станцияда унааларга газ жабдууларын орнотуу иштери жүргүзүлчү, алдын ала маалыматтар боюнча, газ баллондун басымы түшүп кеткен. Жарылуудан улам имараттын чатыры кулап түшкөн.

Бул окуя боюнча Орусиянын Тергөө башкармалыгы текшерүү иштерин баштады.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>