Ошто жүзүн жашырып жүргөн 28 жаранга 20 миң сомдон айып пул салындыБШК: Соцтармакта “лайк” басуу же маалымат бөлүшүү да админресурска киретТалас облусу Япония менен кызматташтыкты бекемдейтМИКтин үйлөрүнө ачылган кошумча класстар маселени канчалык чечет? Жашоочулар эмне дейт?Улуттук банк ислам принциптери менен иштеген банктарды жөнгө салуучу ченемдерге өзгөртүүлөрдү киргиздиДүйнөлүк банк Кыргызстандагы билим берүү долбооруна 6,36 млн доллар каржылады
Кара-Кулжа районунда 175 млн сомго мектеп курулууда
30.10.2024 | 10:43
Ош облусунун Кара-Кулжа районунда 275 орундуу мектептин курулушу дээрлик аяктап калды. Президенттин Ош облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришкендей, курулуш республикалык бюджеттин эсебинен 2022-жылы башталган.
Долбоорго ылайык жаңы мектепте окуучулар үчүн бардык заманбап шарттар түзүлгөн. Ал 175 млн сомго салынууда.
Бүгүнкү күндө объекттин курулушу 90 пайызга бүттү.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом