Кыргызстандын туризмине салынган инвестициялар бир жылда дээрлик 8 эсеге өстүБишкекте Бакаев көчөсүнүн бир бөлүгү оңдоого жабылатЭми «Түндүк» тиркемесинен бардык эмдөөлөр тууралуу маалыматтарды алууга болотБишкекте «Манас» аэропортуна баруучу жолдун бир тарабы убактылуу жабылатМинистрлер кабинетинде кыргыз тили боюнча тестирлөөнү кеңейтүү тапшырылдыКытай кыргызстандыктар үчүн визасыз режимдин эки жаңы түрүн киргизди
Бишкекте мас жигит соода борбордо мушташ чыгарган (видео)
30.10.2024 | 11:15
Бишкекте майда бейбаштык кылган жаран кармалды. Бул тууралуу Ленин райондук милициясынан билдиришти.
Милициянын маалыматы боюнча, аларга 29-октябрда кечинде С.Н. аттуу аял арыз менен кайрылган. Ал билдиргендей, саат 19:50дө мас абалда болгон белгисиз жаран дүкөндүн, ыкчам чара көрүү тобунун кызматкерлерин сөгүп, стулдарды сындарган.
Бул факт боюнча милицияга 23 жаштагы Ш.Д. аттуу жаран жеткирилген. Иштин материалдары Коомдук коопсуздук кызматына жөнөтүлүп, аталган жаранга “майда бейбаштык” беренеси менен протокол түзүлгөн.
Эми ага 5,5 миң сом айып салынат же 30-40 саатка чейин коомдук жумуштарга тартылат, болбосо үчтөн беш күнгө чейин камакка алынат. Бул боюнча сот чечим кабыл алат.