Казакстандын Энергетика министрлиги 2026-жылга карата мунай өндүрүү болжолун 98 млн тоннага чейин төмөндөттүБУУнун Коопсуздук кеңеши Жакынкы Чыгышта ок атууну токтотуу боюнча резолюциянын долбоорун четке кактыКыргызстан ЕАЭБде LED лампаларын импорттоого 5%дык алымды кайтарууну сунуштоодоБилет алып берем деп, жарандарды 15 млн сомго алдаган. Лейлекте шектүү жаран кармалдыАлтай мамлекеттик университети Алтай түрктөрүнүн эрте орто кылымдагы эстеликтеринин төртүнчү каталогун чыгардыБишкекте Мамлекеттик башкаруунун жогорку мектеби ачылат
Караколдо ипотекалык үйлөрдүн алгачкылары быйыл пайдаланууга берилет
15.04.2025 | 09:33
Президент Садыр Жапаровдун тапшырмасына ылайык, Каракол шаарынын башкы планынын негизинде 30 гектардан ашуун аймакта 69 көп кабаттуу үй курулууда. Жалпы 3105 батир пландалган. Бул тууралуу презииденттин Иш башкармалыгы маалымдады.
Каныбек Туманбаевдин айтымында, быйыл алгачкы үйлөр толук бүткөрүлүп, батирлердин ачкычтары жаңы ээлерине тапшырылат. Курулуш иштери кызуу улантылып, жыл аягына чейин бир нече үй жарандарга берилери күтүлүүдө.
Бул — мугалимдерди, дарыгерлерди жана үйгө муктаж жарандарды турак жай менен камсыз кылууга багытталган мамлекеттик социалдык долбоор.
Рубрики: Жаңылыктар