АКШнын мамкатчысы Марко Рубио соода кызматташтыгын өнүктүрүү үчүн Борбор Азияга келе жататБишкектин Достук айыл өкмөтүнүн мурдагы башчысы жер тилкелери боюнча алдамчылыкка шектелүүдөСадыр Жапаров ЮНЕСКОнун башкы директору Халед Аль-Анани менен жолугуштуЧүй облусунун ооруканаларына үч тез жардам унаасы тапшырылдыЕреванда Садыр Жапаров менен Армениянын премьер-министри Никол Пашинян сүйлөшүүлөрдү өткөрүштүШакиранын Бишкектеги концерту: 18-октябрда милиция күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөйт
Укук коргоочу Рита Карасартова кармалды
15.04.2025 | 10:00
Укук коргоочу Рита Карасартова 48 саатка камалды. Бул тууралуу укук коргоочу Гүлшайыр Абдирасулова өзүнүн “Фейбугунда” билдирди.
Укук коргоочунун айтымында, кечээ, 14-апрелде саат 21:00дөр чамасында Рита Карасартованын үйүндө күч органдары тинтүү жүргүзүшкөн. Андан кийин Чүй облустук милиция бөлүмүнө суракка алып кетишкен. Учурда укук коргоочу Ысык-Ата райондук милиция бөлүмүнүн убактылуу кармоочу жайына 48 саатка камалган.
Учурда күч органдары бул тууралуу расмий маалымат бере элек.
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар