Каркырада үч мамлекеттик ишмердин мааракелери белгиленди

Каркырада үч мамлекеттик ишмердин мааракелери белгиленди

Түп районунун Каркыра жайлоосунда 15-16-июль күндөрү «Каркыра-Тринити» этно-бизнес фестивалы болуп өттү. Бул тууралуу президенттин Ысык-Көл облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Маалыматка караганда, фестивалдын алкагында Балбай баатырдын 230 жылдыгы, мамлекеттик ишмерлер Казы Дикамбаев жана тарыхчы, академик Курман-Гали Каракеевдин 110 жылдык мааракелери белгиленди.

Иш-чарага министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов, Жогорку Кеңештин депутаттары, президенттин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Илияз Иманбетов, президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Элчибек Жантаев, коомдук ишмерлер, мааракелери өткөрүлгөн мамлекеттик ишмерлердин урпактары, район жетекчилиги, Түп районунун тургундары, республиканын бардык аймактарынан келген меймандар жана чет элдик туристтер катышты.

Фестиваль эки күнгө созулуп, биринчи күнү боз үй, кол эмгек, улуттук тамак-аш боюнча сынактар, жергиликтүү ишкерлер тарабынан өндүрүлгөн продукциялардын көргөзмөсү өтүп, иш-чара улуттук спорттук оюндар, «Манас» айтуу, театрлаштырылган сахна жана концерттик программа болду.

Андан сырткары инвестициялык бизнес форум болуп, анда негизинен Орусиядан келген ишкерлер Түп районуна туристтик багытка басым жасалаарын талкуулашты.

Балбай баатыр жана мамлекеттик ишмерлер жөнүндө кыскача маалымат.

Эшкожо уулу Балбай болжол менен 1793-жылдары жарык дүйнөгө келген. Ал бала күнүнөн эле чыйрак чыгат, жашына жаш кошула баштагандан балбан билек, жалтанбас жалын жүрөк болуп, өзү теңдүүлөрүн гана эмес, өзүнөн улууларды да тескеп турчу абалга жетет. Ар кандай ууру-кескиге, талап-тоногондорго каршы туруп, алардын катыгын берип, эл оозуна алынат, баатыр атын алат, эл бийлей баштайт. Ошол жаш кезинен эле эл кадырына ээ болуп, өмүрү өткөнчө анысынан жазган эмес. Балбай 14 жашка келгенде биринчи ирээт душман менен кармашат, 16 жашында ар дайым кыргызга күн көрсөтпөй чаап турган калмактардын эсебин таап турат. 17 жашка келгенде мал тийген казактарга Түп суусунун жээгиндеги Кара-Баткак деген жерден буктурма коюп алардын ташын-талкан чыгарат, бир тобун туткундайт, малды ээлерине кайтарат. Балбай карандай эле баатыр болбостон, акылман да болгон, кара кылды как жарган адилеттүү, калыс адам да болгон.

Казы Дикамбаев 1913-жылы Түп районундагы Талды-Суу айылында туулган. Ашхабаддагы жогорку окуу жайынын даярдоо курсунан билим алган. 1932-1937-жылдары Ташкент шаарындагы Орто Азиялык экономикалык пландоо институтунда окуп, жогорку билимге ээ болгон. Кыргыз ССРинин Мамлекеттик пландоо комитетинин төрагасынын орун басары, Фрунзе облустук комитетинин төрагасы болуп эмгектеген. 1940-1944-жылдары Элдик текшерүү комитетинин төрагасынын орун басары, Кыргыз ССРинин мамлекеттик текшерүү комиссиясынын жетекчиси болгон. 1948-49-жылдары Кыргыз ССРинин Министрлер Советинин төрагасынын орун басары, 1949-1951-жылдары Кыргызстандын Компартиясынын Борбордук Комитетинин катчысы болгон.1951-1958-жылдары Фрунзе обкомунун биринчи катчысы, Кыргыз ССРинин Жогорку Кеңешинин төрагасы болуп эмгектеген. 1958-1961-жылдары Кыргыз ССРинин Министрлер Советинин төрагасы (азыркыча премьер-министр, өкмөт башчысы) болуп иштеп, Кыргызстандагы ири ишканалардын курулушуна, үзгүлтүксүз иштөөсүнө шарт түзгөн. Ал Чоң-Чүй каналынын курулушуна баштан аяк жооп берген. Бишкек — Жалал-Абад — Ош — Лейлек жолун курууга жооптуу болгон. Нарын дайрасында курулган бир нече ири ГЭСтердин элге канча жылдан бери кызмат кылышына Казы Дикамбаевдин салымы зор.

Курмангалы Каракеев 1913-жылы 25-октябрда (7-ноябрь) Түп районунун Күрмөнтү айылында туулган. Ысык-Көл айыл чарба техникумун аяктагандан кийин жаштардын республикалык “Ленинчил жаш” гезиттинин редакциясында жооптуу катчы болуп иштеген, андан кийин редактордун орун басары болуп дайындалган. 1934-жылдан 1936-жылга чейин ВЛКСМ Кыргыз обкомунун айыл жана окуучу жаштар бөлүмүн башкарган. Аскерге кызмат өтөөдөн кайтып келгенден кийин партиянын Фрунзе обкомунун жооптуу катчысы, пропаганда жана агитация бөлүмүнүн башчысынын орун басары, Кыргызстан КП Тянь-Шань жана Ысык-Көл обкомдорунун катчысы болуп эмгектенген. 1960-жылдан 1978-жылга чейин Кыргыз ССР Илимдер академиясынын президенти болуп эмгектенген. Бул жерде ал жогорку квалификациялуу кадрларды даярдоо, илимий изилдөөлөрдүн натыйжалуулугун көтөрүү жана илим менен өндүрүштүн байланышын бекемдөө боюнча зор илимий-уюштуруу иштерин жүргүзгөн. Автоматика, физика, математика, физика жана тоо кендери механикасы, сейсмология, философия жана укук, биохимия жана физиология институттарын, ошондой эле башка илимий бөлүмдөрдү түзүүгө демилгечи болгон.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>